• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Үй шартында 2 миң 373 адам дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан үй шартында 2 миң 373 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Cаламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканаларда 535 бейтап дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 128 киши, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 74, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 73, Жалал-Абад облусунда – 91, Талас облусунда – 18, Баткен облусунун ооруканаларында 87 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 87 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 613тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 336 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий