• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда бир жумада 85 учур катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда 5-11-сентябрь аралыгында COVID-19дун 85 жаңы учуру катталды.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиргендей, жалпы катталган бейтаптардын 19у ооруканага жаткырылып, 66сы амбулатордук дарыланууда.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат.

2022-жылдын 8 ай жана 11 күнүндө бардыгы болуп 21 миң 172 COVID-19 учуру катталып, анын ичинен 19 миң 162си (90,3%) лабораториялык тастыкталса, 2 миң 3ү (9,7%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий