• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы жарым финалда күчүн сынайт

Спорт 0


Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдешке Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен уткан.

Ал эми чейрек финалда кыргыз спортчусу Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишти илип кетти. Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешет. Жарым финалдык беттештер бишкек убактысы боюнча саат 20:45те орун алат.

Пикир

Оставить комментарий