• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ниязбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кытайдын Коомдук коопсуздук министри, полициянын генералы Ван Сяохун менен жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле Улан Ниязбеков 2023-жылдагы Коомдук коопсуздук боюнча кызматташтыктын глобалдык форумуна (GPSCFL) катышууда.

Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин маанилүү сүйлөшүүлөрү өттү. Анда, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун стратегиялык мааниси артыкчылыктуу багыт катары белгиленген.

“Сиз менен жеке жолугушуубузга чын жүрөктөн кубанычтамын. Биринчиден, биздин делегацияны меймандостукта жылуу кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кытай Эл Республикасы Кыргызстан үчүн жакшы коңшу, жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш. Өлкөбүздүн жана элибиздин ортосундагы салттуу достук илгертен бери келе жатат. Биздин өлкөлөрдү, ошондой эле министрликтерди байланыштырган достук, ишеним жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптерине негизделген узак мөөнөттүү достук мамилелерди биз жогору баалайбыз деп ишендиргим келет”, - деди Улан Ниязбеков кесиптешине кайрылып.

Кыргызстандын ички иштер министри, Ван Сяохунга коронавирустук пандемия учурунда өз убагында жардам көрсөткөндүгү жана Кыргызстандын ички иштер органдарына материалдык-техникалык жактан жардам көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Кыргызстандын милиция кызматкерлерин 2023-жылы полициянын эл аралык стипендиялык программаларына чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде чек аралардагы уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.

Талкуулоонун негизги аспектилеринин бири укук тартиби боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле кылмыш ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүү болду.

“Азыркы убакта уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгитрафиги бир мамлекеттин аракеттери менен дээрлик жеңилгис. Алар менен күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, айрыкча чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен, макулдашылган аракеттерин талап кылат.

Бул контекстте, биздин министрликтер ортосунда узак мөөнөткө кызматташуунун кеңейтилген планын иштеп чыгууну сунуш кылам. Бул бизге биргелешкен иш - чараларды белгилөөгө, тактап айтканда, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен окууларды уюштурууга мүмкүндүк берет”, - деди Улан Ниязбеков.

Эки тараптын өкүлдөрү кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Өзгөчө көңүл укук коргоо тармагында кадрларды даярдоого жана окутууга бурулду. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү зарылдыгына ишеним болду.

Тараптар коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жалпы максаттарга жетүүгө багытталган атайын кадамдарга жана биргелешкен демилгелерге даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий