• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Даниянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Кыргызстан менен Даниянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Ларс Расмуссен жолукту, деп билдирет КР ТИМдин маалымат кызматы.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, ошондой эле жалпысынан түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу зарылчылыгын белгилешти.

Көп тараптуу күн тартибинде тараптар эл аралык уюмдардын жана Евробирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушууда экономикалык өз ара аракеттенүүнү арттыруунун, өз ара байланыштарды колдоонун, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Буга байланыштуу министр Жээнбек Кулубаев даниялык тарапка Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү, келечекте эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү, биргелешкен бизнес-форумдарды уюштуруу, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий