• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык футболчулар Болгариядагы жыйындардын алкагында эки оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Ушул тапта бийик тоолуу Банско шаарында (Болгария) Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына талапкерлерди кароо жыйындары өтүүдө. Селекциондук окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында улуттук курамага талапкерлер эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

«Академия Пандева Брера» ФК - Македониянын биринчи лигасында ойнойт. Ата мекендик футболчулар алар менен 22-июлда жолдоштук беттеш өткөрөт.

Ал эми 26-июлда «Теута» ФК - Албаниянын жогорку дивизионунун оюнчулары менен беттеш өтөт.

Беттештер түз алып көрсөтүүсүз жабык форматта өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйындары 16-июлдан 27-июлга чейин бийик тоолуу Банско шаарында (Болгария) өтөт.

Нурланбек Сарыкбаев жана Кутман Кадырбеков жаракатынан улам окуу-машыгуу жыйындарына катыша алышпайт, анын ордуна Павел Матяш чакырылган. Айзар Акматов клубунун карамагында калды.

Оюнчулардын тизмеси:

Дарбазачылар:
Павел Матяш (Мурас Юнайтед)
Акималиев Калысбек (Алга)
Алыбеков Дастан (Алай)

Коргоочулар:
Долженко Андрей (Алга)
Акматов Канат (Талант)
Усон уулу Есенбек (Нефтчи)
Шамурзаев Амантур (Алай)
Умаров Акрамжон (Нефтчи)

Жарым коргоочулар:
Талантбек уулу Келдибек (Алай)
Жапаров Амир (Алга)
Изаков Кайрат (Абдыш-Ата)
Карипов Манас (Мурас Юнайтед)
Тапаев Темирболот (Дордой)
Таалайбеков Динмухамед (Алай)
Дуйшобеков Бактыяр (Мурас Юнайтед)
Ахмедов Муролимжон (Дордой)
Боколеев Абай (Алга)
Узденов Магамед (Алга)
Шаршенбеков Арлен (Абдыш-Ата)
Джалилов Рауль (Алга)
Борубаев Гулжигит (Дордой)
Сыдыков Азиз (Алай)

Чабуулчулар:
Ахматалиев Мирбек (Абдыш-Ата)
Алыгулов Максат (Алга)

Пикир

Оставить комментарий