• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнө кубогу: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңип, жарым финалга өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Жуманазарова алгачкы кармашуусунда белорусиялык Ханна Садчанканы 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Жуманазарова украиналык Алина Вячеславовна менен күчүн сынашат.

Буга чейин Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде жеңип алган. Ал дагы жарым финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова болсо аталган мелдештин финалына өткөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан. Ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмакта, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий