• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Далысын басып... Жоламан Шаршенбеков жарым финалга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 08.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына көтөрүлдү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгып, аны 2:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалдык беттеште грузиялык балбан Ираклий Дзимистаришвилинин далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий