• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

30% ченемди бекемдеп, аялдардын саясатка аралашуусуна жол ачууга чара көрүлүүдө – депутат

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. "Аялдар тынчтык жана коопсуздук үчүн" резолюциясы көп тармактуу долбоор. Андыктан, аны ишке ашырууда жергиликтүү кеңештердин дагы ролу зор. Андагы айым депутаттардын үнү угулушу керек. Буга аракеттер көрүлүп жатат, - дейт депутат Айнуру Алтыбаева "Парламент" радиосуна курган маегинде.

Ал аракеттердин бири – жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоолордо 30% ченемди бекемдеп, айымдардын саясатка аралашуусуна жол ачуу, – деп түшүндүргөн депутат, – бул багытта даярдалган тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттардын 102 биринчи окууда колдоп бергендигин да белгиледи.

"Тынчтык – чакан мамлекет болгон үй– бүлөдө болсо, алардын биримдигин түзгөн өлкөбүздө тынч заман туруктуулугун сактайт. Ошондуктан, тынчтык менен коопсуздукту камсыздоодо эненин орду өзгөчө", – деди депутат Карамат Орозова.

Ошондой эле ал, балдар менен жаштардын тагдырына, келечегине олуттуу маани берилип, алар менен түздөн-түз иштей турган мамлекеттик орган түзүлсө, – дейт.

"Ага чейин жекече иш алып барып жаткан сертификаттары бар медиаторлордун салымдарын да айтпай кетүүгө болбойт. Бул багытта иштеп жаткан Ысык-Көл, Баткен областтарында жакшы мисалдар бар", – дейт эл өкүлү.

"Аялдар тынчтык жана коопсуздук үчүн" резолюциясынын алкагында жер – жерлерде ар кандай кооптуу кырдаалдар жаралганда кандай коргонуу керек? – деген суроолорго жооп берүүчү ыкмалар үйрөтүлөт.

"Мисалы, жер титирөөлөр, сел жүрүүлөр болгондо сактануунун кандай жолдору бар? Массалык отун – суусуз калган учурлар болсо, абалдан кантип чыкса болот? Ушул сыяктуу бир топ өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, жагдайды жайгаруу аракеттери ушул резолюциянын чектеринде түзүлгөн атайын пландар менен коштолушу керек", – дейт "Инновациялык чечим долбоорунун парламенттик эксперти Курманбек Турдалиев.

Пикир

Оставить комментарий