• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Төрөбаев бийлик жарандардын сунуштарына өз убагында маани буруусу керек деп ойлойт

Коом 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кечээ, 5-октябрда ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында өтүп жаткан «Коопсуз коомчулукту түзүүгө жарандардын катышуусун бекемдөө» темасындагы 3-сессияда баяндама жасады.

Б.Төрөбаевдин айтымында, коопсуз коомчулукту түзүү бул - мамлекет менен жөнөкөй жарандардын эки жакка тең кызыкчылыктар менен биргелешкен милдеттеринин чөйрөсү болуп эсептелинет. “Коопсуздукту камсыздоого жооптуу ведомствонун деңгээлиндеги кызматташтыктын катарына жарандык коомчулукту, анын ичинде билим берүү, илимий мекемелерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, салттуу диний уюмдарды мыйзам чегинде тартуу өтө зарыл. Ар кандай кызыкчылыктагы топтор менен бийлик органдарынын ортосундагы диалогду бекемдөө ар кыл демилгелердин, тажрыйба алмашуулардын алга жылышына көмөкчү болуп, мамлекеттик башкаруунун так максаттарын аныктайт, аларга жетүүнүн механизмдери такталат. Ошондой эле региондорду туруктуу өнүктүрүүгө кызмат кылып, бийликке болгон ишенимди жогорулатат”,- дейт ал.

Мындан сырткары, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Б.Төрөбаев мамлекеттик башкаруу системасы жарандардын демилгелерин колдоого багытталышы зарыл, демилгелер маанилүү же анча маанилүү эмес деген маселе болбошу керек. “Жергиликтүү деңгээлде жарандардын ар кандай процесстерге байма-бай катышуусу жана жарандык коомчулуктун жигердүү болушу, жарандардын сунуштарына жергиликтүү бийлик менен мамлекет өз убагында маани берсе коомчулукта туруктуулук камсыздалат. Мындай кадам коопсуздукту камсыз кылууга да оң таасирин берет. Жарандар менен мамлекеттик институттардын активдүү жана сапаттуу карым-катнашы турмуштагы маселелерди чечүү менен катар эле коррупция, терроризм, экстремизм жана башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы маанайды жаратат”,- дейт Б.Төрөбаев.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү отуруму Бишкекте Европа, Азия жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн келген 150дөн ашуун парламентчилердин катышуусунда өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий