• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Достук" көзөмөл бекетинде унаалар үчүн электрондук кезекке туруу системасы киргизилет

Экономика 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” жана “Дустлик” көзөмөл бекеттеринде кезекти башкаруунун электрондук системасы пилоттук режимде ишке киргизилет. Башкы максат автоунаалардын кыймылын оптималдаштыруу болуп саналат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Аталган маселе 17-18-февраль күндөрү аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда талкууланып, ага КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, Өзбекстандын Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы катышты.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Өзбекстанда киргизилген "Электрондук кезек" системасынын иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул демилге чек арадагы электрондук кезекти башкаруу системасынын пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп калат.

Маалымат иретинде:

Акыркы үч жылдын ичинде ЭCБ региондогу бизнеске таасирин тийгизген чек ара соодасындагы негизги тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды чечүү үчүн ылайыкташтырылган реформаларды ишке ашырууну иштеп чыгуу жана колдоо үчүн улуттук өнөктөштөр жана тиешелүү кызыкдар тараптар менен тыгыз иштешти. Мындай реформалардын бири региондогу сооданын үзгүлтүксүз жүрүшүнө тоскоол болгон узун кезектерди жана кечиктирүүлөрдү чечүү үчүн тандалган чек ара бекеттеринде жүк ташуу үчүн электрондук кезекти башкаруу системасын (e-СМС) киргизүүгө тиешелүү.

Эстонияга жана Францияга ЭСБ тарабынан уюштурулган аймактык таанышуу сапарынан жана ЭКМ жана КР МБК өкүлдөрү менен бир катар онлайн жолугушуулардан кийин ЭСБ долбоору Достук/Дустлик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктундагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы электрондук е-СМС пилоттук киргизүүнү колдоого макул болду.

Пикир

Оставить комментарий