• 88.68
  • 95
  • 0.95

ДССУ Кыргызстанга өзгөчө кырдаал учурунда колдонулуучу комплекттерди берди

Ден соолук 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, атап айтканда атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер жана башкалар кирет. Жүк ДССУнун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 240 кгдан жогору болуп, баасы 37 миң доллардан ашты.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында 100дөн ашык адамга жаракат алган учурларда жана хирургиялык патологияларда медициналык жардам көрсөтүүгө болот

Берилүүчү жүк жаракат алганда жана хирургиялык патологияда, талаа шарттарында, жүздөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүүгө эсептелген.

Расмий тапшыруу аземине Улуттук госпиталдын жетекчилери жана ДССУнун кызматкерлери катышып, оорукананын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов ДССУга өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты колдогону жана бекемдегени үчүн ыраазычылык билдирди.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско өз кезегинде Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана өзгөчө кырдаал учурунда өлкөнүн натыйжалуу аракеттенишине көмөк көрсөтө турган эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн: Берилүүчү жүк ДССУнун сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет жана БУУнун мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар жана улуттук өкмөттөр тарабынан колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий