• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕЭК төрагасы Мясникович Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович Акылбек Жапаровду Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирет.

"Сиздин бай башкаруучулук жана эл аралык тажрыйбаңыз, күчтүү жеке сапаттарыңыз Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ийгиликтүү жана натыйжалуу ишинин ачкычы болуу менен Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө ишенимдүү таяныч болот деп ишенем", - деп айтылат ЕЭК коллегиясынын башчысынын Жапаровго жолдогон куттуктоо катында.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн пландарды ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Пикир

Оставить комментарий