• 88.68
  • 95
  • 0.95

Египеттеги мелдеш: Айпери Медет кызы коло үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөштү. Бул кармашта эки спортчу тең биринин артынан бири упай топтоп келе жатты. Жыйынтыгында кыргыз кызы атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Жарым финалда Медет кызы америкалык Кеннеди Алексис Блейддерге 1:12 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн күрөшкө чыгат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий