• 88.68
  • 95
  • 0.95

“ЭКСПО-2020”: Дубайдагы Башкы консулдук КРнын туристтик мүмкүнчүлүгү боюнча презентация өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-февралында Башкы консулдук Шарджа Эмиратында жайгашкан Air Arabia, Эмираттар Ассоциациясы (Шарджа), Дубай Дүйнөлүк соода борборунун өкүлдөрү жана БАЭ блоггерлери үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялык иш-чара өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Башкы консулу Тимур Абдижалил жаңы каттамдын расмий ачылышы боюнча куттуктоо сөзүн сүйлөп, КР президенти Садыр Жапаровдун "Каприз-Каракол" лыжа базасында 2022- жылдын 1-январында тартылган видеотасмасын жана Кыргызстандын туризми тууралуу араб тилинде видео коюлду. Ал ошондой эле Air Arabia авиакомпаниясы жай айларында Шарджа эмиратынан Ысык-Көл эл аралык аэропортуна (Тамчы айылы) туристтик багыт үчүн үчүнчү каттамды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

"Air Arabia" авиакомпаниясынын аймактык өкүлү Абадада Аруани мырза ушул жылдын 20-февралына пландаштырылган Шарджа эмиратынан Ош шаарына жаңы туристтик маршрут боюнча видео презентация жасады.

Маалымат үчүн: Air Arabia авиакомпаниясы 2019-жылдын 4-июлунда Шарджадан Бишкекке биринчи рейсин ачкан.

Ассоциациянын төрагасы Марьям Салим Аль Салман айым чогулгандарды бул Ассоциациянын ишмердүүлүгү менен тааныштырды, ал эми БАЭнин популярдуу блоггери, Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен Халид Аль Сувейди мырза Кыргызстандын бай жаратылышы тууралуу презентациясын тартуулады. Иш-чарага Шарджа Эмиратынын Тышкы иштер министрлигинин, Шарджа Эмиратынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Шарджа Эмиратынын Башкаруучусунун Аппаратынын өкүлдөрү да катышты.

Пикир

Оставить комментарий