• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Исмаилова Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи А.Исмаилова Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү. Элчи Кореядагы кыргыз диаспорасы менен элчиликтин тыгыз кызматташтыгын улантуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча түрдүү иш-чараларды биргелешип өткөрүү, Кореядагы көргөзмө-жарманкелерге катышуу боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле элчи Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата маданий иш-чараларды уюштурууга активдүү катышууга чакырды.

Элчи А.Исмаилова диаспоранын өкүлдөрүнө жана активисттерге элчилик менен кызматташкандыгы, ошондой эле Кыргызстандын Кореядагы жарандарына жардам жана көмөк көрсөтүү боюнча иштерине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу учурунда, достук маанайда, мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды. Мекендештер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, элчиликтин мындан аркы иши боюнча сунуштарын айтышып, диаспора менен элчиликтин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да улана беришине тилектештигин билдиришип, ошондой эле дайындалган элчинин демилгени колго алып, өзүнүн тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшкөнүнө кубанычта болушту.

Буга чейин, элчи Инчхон шаарында бизнес тармагында иштеген Кыргызстандын жарандары менен жолугушуусу болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын жарандарынын Кореяда жүрүүсү, эмгек миграциясы, кыргыз диаспорасынын Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Кыргызстандын экспорттук жана туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга катышуусу, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча пландар жана жетишкендиктер талкууланды.

Элчи А.Исмаилова эки өлкөнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө ишкерлердин кошкон салымын белгилеп, элчилик менен диаспоранын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий