• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында 3 бала бакча жана 2 мектептин курулушун баштоо пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Быйыл Ош шаарында 3 бала бакча жана 2 мектептин курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу Ош шарадык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, быйылкы жылы шаарда 3 бала бакча жана 2 мектептин курулушун баштоо пландалууда.

Учурда Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Арек айылында 120 орундуу 1 бала бакча курулуп жатат. Ошондой эле “Курманжан-Датка” МАБынын 275 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий