• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто милиция кызматкерлерине иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүгүртүү боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Ош облустук милиция кызматкерлерине иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүгүртүү боюнча семинар болуп өттү. Бул утуралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” тескемесинин талаптарын аткаруу максатында аймактардагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүүнүн деңгээлин, сабаттуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча текшерип чыгышты.

Текшерүүдөн кийин 2022-жылдын 18-апрелинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги Айбек Орозакунов жана башкы адис Дастан Бердибеков ИИОдо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү деген темада семинар өтүштү.

Аталган семинарда Айбек Оразакунов ар бир милиция кызматкери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө болуусун, сабаттуулукту өнүктүрүүсүн жана өзүн өзү өстүрүүгө аракет кылууга чакырып кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ОИИБдин өздүк курамы менен эркин пикир алышуулар болуп, катышуучулар адистерден кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Пикир

Оставить комментарий