• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте улгайган жарандардын жашоосун жакшыртуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эл аралык HelpAge International уюмунун өкүлү Кристофер Хейнс жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда улгайган жарандарды социалдык жактан колдоо маселелери талкууланды.

Министрдин айтымында, HelpAge International уюму дүйнөнүн 60 өлкөсүндө иш алып барат.

"Биздин уюм улгайган адамдарга өз укуктары үчүн күрөшүүгө жардам берет. Биз Кыргызстанда 15 жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жатабыз жана эки жыл мурун бул жердеги кеңсебизди жапканыбызга карабай, кыргызстандык өнөктөштөр аркылуу жардамыбызды берип келебиз. Бул аралыкта улуу муундун ден соолугун чыңдоого багытталган көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды", - деди Кристофер Хейнс.

Министр Кудайберген Базарбаев улгайган адамдар мамлекеттин дайыма көңүл борборунда экенин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров биздин алдыбызга улуу муундун жашоосуна татыктуу шарттарды түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна колдоо көрсөтүү милдетин койду. 2022-жылдан бери мамлекет башчынын чечими менен пенсияга укугу жок улгайган жарандарга берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 100%га көбөйтүлдү. Өлкө боюнча 800дөн ашык социалдык кызматкерлер үйүндө улгайган жарандарга ар кандай кызматтарды көрсөтөт", - деди ал.

Жолугушууда улгайган жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий