• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри: "Кыргызкөмүр" ишканасы көмүрдү казып алуунун көлөмүн көбөйтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы казылып алынган көмүрдүн көлөмүн жылдан жылга көбөйтүүдө. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев аталган ишканага таандык Кара-Кече кенинин борбордук бөлүгүндөгү иштер менен таанышуу учурунда билдирди.

"Кыргызкөмүр" ишканасында 450 миң тонна даярдоо планы бекитилген. Учурда казуу иштери жүрүп жатат. Белгиленген ченден ашыкча көмүр алуу пландаштырылууда.

“2021-2022 жылытуу мезгилине 600 миң тонна көмүр даярдоо планын койду. Бардык шарттар түзүлгөн. Бишкек ЖЭБине жеткирүүгө 50 миң тонна көмүр даяр. Ташуу планга ылайык жүрүп жатат", - деди Бекмурзаев.

Ошол эле учурда коррупциянын алдын алуу максатында көмүр шахталарында, анын ичинде көмүр таразага тартылган жерлерде 24 байкоочу камералар орнотулган. Тараза электрондук форматта иштейт. Көмүр казуу жана тазалоочу унааларга GPS орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий