• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕРӨБ Кыргызстанга 18,6 млн евро берет, анын 10,6 миллиону кайтарымсыз жардам

Экономика 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган КР делегациясы Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 32-жылдык жыйыны жана бизнес форумуна катышууда.

КР Финансы министрлигинен билдиришкендей, жылдык жолугушуунун алкагында КР финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен ЕРӨБдүн Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен “Кыргыз Республикасынын суу чарба тармагын жакшыртуу программасы” долбоору боюнча 18,6 млн евролук, (анын ичинен 10,6 млн евро грант катары) Кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюлду.

Аталган каражат "Кыргыз Республикасынын суу чарбасын жакшыртуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын кичи долбоорлору" долбооруна жумшалат. Кредиттин жалпы суммасы 18,6 млн евро, анын ичинен 10,6 млн евро грант катары техникалык жардамга бөлүнөт.

Бул долбоор аркылуу Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын 70 миңден ашуун калкы борборлоштурулган таза суу менен камсыз болот. Ошондой эле суунун жоготуулары азайып, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий