• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Россиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Россияда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча “Иван Ярыгин” Гран-приси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Турнир 27-30-январда Красноярск шаарында болот.

Кыргызстандын атынан аталган мелдеште алты балбан күч сынашат:

53 кг - Айжан Сабырбек кызы, Арууке Кадырбек кызы;

57 кг - Бермет Нуридин кызы, Танчолпон Кыбалбекова;

62 кг - Дильназ Сазанова;

68 кг - Нурзат Нуртаева.

Пикир

Оставить комментарий