• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Оштун айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Эртең, 28-апрелде Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы жок болот.

Шаардык мэриядан мындай чара 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерине байланыштуу экендигин билдиришти.

Жарык төмөнкү даректерге убактылуу болбойт: Ош шаарынын Ленин, Ибраимов, Сүйүнбаев, Садырбаев, Көчөбаев, Айтматов, Низами, Горький, Вяземский көчөлөрүндө, Ак-Тилек кичи районунда, Жапалак, Орке, Арек, Мээркан, Бирлешкен айылдарында, Резиденциянын №1,2,3,4,5,6,7,8,9-көчөлөрүндө.

Пикир

Оставить комментарий