• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Евровидение" сынагынын жеңүүчүлөрү уткан сыйлыгын аукциондо сатты

Дүйнө 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Быйылкы "Евровидение" ыр сынагында жеңишке жеткен украиналык Kalush Orchestra тобу сыйлыкка алган "хрусталь микрофонун" аукциондо 900 миң долларга сатты.

Аукцион YouTube’да түз көрсөтүлдү. Акцияны теле алып баруучу жана коомдук ишмер Сергей Притуланын кайрымдуулук фонду уюштурду. Жеңүүчү ставка украин криптавалюта биржаларынын биринде криптаволюта түрүндө жасалган. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Сергей Притула буга чейин уюштуруучулар чогулган акчага Украинанын Аба күчтөрү үчүн PD-2 учкучсуз учактарын сатып алууну көздөп жатканын кабарлаган.

Жекшембиде Берлинде "Save Ukraine - #StopWar" ("Украинаны коргогула – согушту токтоткула") аттуу кайрымдуулук шоусу өттү. Ага дүйнөлүк жылдыздар, анын ичинде Kalush Orchestra тобу да катышты. Чогулган акча Украинанын он эки облусундагы ооруканаларга жөнөтүлөт.

Бул арада Литва жашоочулары украин армиясына “Байрактар” учкучсуз учагын алып берүү үчүн үч күндө 5 миллион евро чогултушту. Бул маалыматты аталган өлкөнүн коргоо министри Арвидас Анушаускас да тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий