• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министри Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен долбоорлорду каржылоону талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Т.Проскурякова менен жолугушуу өткөрдү.

Министр Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ирригацияны жакшыртуу долбоорлору, Кыргызстандын кайра жаралуучу энергия булактары – 1 фазасы жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча жаңы каржылоо келишимдерин талкуулады.

Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун максаты - Кыргызстандагы электр энергия системаларын чыңдоо аркылуу гидроэлектроэнергетиканы өндүрүүнү көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоону камсыздоо (долбоордун суммасы – 80,2 млн АКШ доллары). Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 5 млн АКШ долларына бааланган Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо долбоорун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Министр Бакетаев билдиргендей, учурда өлкөдө жаңы суу сактагычтарды куруу, чарба каналдарын тазалоо, бетондоо, механизациялаштыруу, чарбалык ирригациялык системаларды реабилитациялоо жана калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2024-жылы бүткүл республика боюнча ирригацияны жакшыртууга жана суу чарба объекттерин курууга көңүл бурулат

Пикир

Оставить комментарий