• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы полициясынын башчысы студенттер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев Кыргызстан эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Келечектеги адистер Финансы полициясынын органдарына Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнүн алкагында келип, экономикалык чөйрөдөгү кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Финполдун иши менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Жапыкеев сөз сүйлөп, жаңы муун өлкөнүн келечеги жана үмүтү экендигин белгиледи. “Жаштар адилеттүү, укуктук мамлекетти өзгөртө алышат жана кура алышат, андыктан ар дайым чыгармачылыкка, ак эмгекке, жакшы иштерге умтулуп, эч качан кыялыңызды өзгөртпөгүлө. Кандай гана кесипти тандабагыла, өз ишиңде биринчи жана мыкты болууга умтулушуңар керек”, - деди ал.

Коноктор өз кезегинде төрагага кызматтын ишмердиги менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришип, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өлкөнүн негизги ведомствосунун башчысы менен жеке сүйлөшүү алар үчүн күтүүсүз болгонун белгилешти.

Төрага менен студенттердин ортосунда кызыктуу маек болуп, анда балдар финансы полициясынын иши жөнүндө толук маалымат алышты, бул сабактарды ийгиликтүү өздөштүрүүгө жана кийинки теориялык билимди кесиптик ишмердүүлүккө колдонууга жардам берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтын административдик имараты менен таанышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий