• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Германиянын Гейдельберг университетиндеги ок атуудан бир киши өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Германиядагы престиждүү Гейдельберг университетинде ок атылып, бир киши өлдү, дагы үчөө жаракат алды. Ок чыгарган медициналык факультеттин студенти кийин өзүн-өзү атып таштады. Бул тууралуу Мангейм шаарынын полициясы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча анын саясий же диний мотиви болгон эмес. Кылмышкерде бир нече курал болгон, ал жалгыз чабуул жасаган.

Полиция жарандарды окуя болгон жерди айланып өтүүгө, тез жардам унаалары менен куткаруучуларга тоскоолдук жаратпоого чакырды.

Гейдельберг университети — Германиянын туштүк-батышындагы эски окуу жайлардын бири. Ал Times Higher Education улуттук рейтингинде бул университет 42 орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий