• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Үй бар”. Баткенде кооптуу жерлерден качкан жарандарга жергиликтүүлөр жардам берүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлерден качкан жарандарга жергиликтүү тургундар жардам берүүдө.

Соцтармактын колдонуучусу Гүлпери Жанышбековна Баткенде жол боюнча “Үй бар” деген жазуу бар кагазды кармаган кыргызстандыктардын сүрөтүн жарыялады.

Жанышбековна “Канча адам болсо, айтыңыздар баарын үйгө баткырабыз, багып алабыз" - дешет. Чыныгы патриоттор”, - деп жазган.

Мындан сырткары, Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперс).

Пикир

Оставить комментарий