• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатылып бүттү

ДКО 2018 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатылып бүттү. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине III ДКОнун катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова тастыктады.

Анын айтымында, билеттер 13-августта эле калбай калган.

“Оюндун жабылыш аземине керектүү санда билеттер калды", - деп билдирди ал.

Абдесованын айтуусунда, чакырылган голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Леонардо Ди Каприо чакырууга азырынча жооп берише элек.

Пикир

Оставить комментарий