• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Көчмөндөр ааламы» фестивалынын алкагында «Нарын ордосу» 31 боз үй тикти

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. «Көчмөндөр ааламы» фестивалынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Нарын ордосу» 31 боз үй тикти. Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан барган жалпы катышуучулардын саны 600дөн ашты.

«Нарын ордосунун» кире бериши философиялык терең маани менен жасалгаланды. Ал төбөсү ак карлуу тоо болгон ак калпак жана боз үйдүн элеси түшүрүлүп, улуттук баалуулуктарды душмандан сактаган калкан, найзалардын элеси түшүрүлгөн композицияны өзүнө камтыды. Оюндардын символу болгон ак илбирс жана Кыргызстандын жергесин байырлаган кайберен, түндүктүн үстүнөн айланып учкан ак шумкар чагылдырылган.

Ордонун ортосуна кыргыз элинин буюмдарынын көлөмдүү макети орнотулган. Кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз бийиктиги 5,5 метр жана баш кийими калпактын бийиктиги 3 метрди түзөт.

Нарын облусу «Көчмөндөр ааламы» фестивалына мыкты даярдыкта катышууда. Сынактардын бардык шартына ылайык элдик кол өнөрчүлөр, темир устачылык, жыгач устачылык, зергерчилик, ала кийиз жасоо, байыркы маданий жана турмуштук эмеректер, боз үйлөрдү ылдамдыкта тигүү, улуттук салттуу ырлар, салттуу бийлер, саркеч кийим, каада-салт жана башка кароолордо күчтөрүн сынашууда.

«Каада-салт» сынагында Нарын облусу «Куда түшүү» салтын айтылуу Соң-Көлдүн сулуусу Ак мөөрдүн образында театрлаштырып эл назарына салды. Көк түстөгү көлөмдүү кездеме ордонун ортосуна жайылып, толкуган көлдүн элесин берди.

75 баштуу, 5 канат боз үйдү ылдамдыкта тигүүдө 2 команда жогорку даярдык менен келди.

Ал эми башка сынактар боюнча жыйынтык калыстар тобунун чечими менен 5-6-августта чыкмакчы.

Спорттук мелдештер боюнча кошумчалай кетсек, «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда» Кыргызстан командасынын курамында катышып жаткан нарындык Нурбек Исмаилов Оймок аттуу кушу менен «Бүркүт салуу» сынагында алтын медаль тагынса, «Далба» (ителги салуу) сынагында дагы баш байгени жердешибиз Мурат Абдылдаев жеңип алды

Пикир

Оставить комментарий