• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

III ДКО: Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Монголияны 29:5 эсебинде утуп алды

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 03.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы топтук баскычтын биринчи оюнунда Монголиянын командасын 29:5 эсебинде утуп алды. Оюн Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өттү.

Кыргызстандын курамасы Алтай жана Монголиянын командалары менен бирге А тобуна кирген.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча топтор төмөнкүдөй болуп түзүлгөн:

А тобу: Кыргызстан, Алтай, Монголия

В тобу: Москва, Кытай, Афганистан

С тобу: Казакстан, АКШ, Красноярск

D тобу: Башкирия, Франция, Өзбекстан

Жалпысынан медалдар үчүн 4 топко бөлүнгөн 12 топ оюн көрсөтүшөт. Жарым финалга өздөрүнүн тобунда 1-орунду алган командалар чыгат.

Пикир

Оставить комментарий