• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгын жана Мекенди коргоочулар күнүн белгилөөнүн алкагында ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүндө Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын №47 гимназиясынын жана Жайыл районунун Полтавка орто мектебинин окуучулары катышты.

Окуучулардын назарына Ички аскерлердин кыскача күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма тартууланып, иш-чаранын жүрүшүндө Ички аскерлердин музейине, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланды.

Иш-чаранын катышуучулары алар үчүн даярдалган программаны абдан кызыгуу жана шыктануу менен кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий