• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада бустердик дозаны 1,9 миң адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 959 адам алган. Алсак, Бишкекте 226, Ош шаарында 105, Чүй облусунда 186, Ош облусунда 394, Талас облусунда 84, Нарын облусунда 71, Ысык-Көл облусунда 225, Жалал-Абад облусунда 482, Баткен облусунда 186 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
- биринчи дозасын 8 миң 179 адам алды, жалпы 1 млн 373 миң 645 адам;
- экинчи дозасын 537 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 121 миң 839 адам;
- бустердик дозаны 1 миң 959 адам алды, алардын жалпы саны 88 миң 198 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий