• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арзыбек Кожошев жана ЕЭК министри Сергей Глазьев Евразиялык экономикалык форумдун уюштурулушун талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулады.

Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык форумунун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын сунуштарын айтып, ошондой эле бул иш-чара кандай уюштурулушу керектиги боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Өз кезегинде, Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастап, Евразиялык экономикалык форум алгач ирет өтүп жаткандыгын жана аны тийиштүү деңгээлде өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий