• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ өлкө аймагында экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-24-ноябрь күндөрү Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын аймактарынан келген тиешелүү орган кызматкерлеринин катышуусунда "Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдардын менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери" аталыштагы окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.

Иш-чара КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгесинде Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун жана “Сейфорворулд” эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурулууда.

Анда аталган коомдук фонддун жана уюмдун өкүлү Роберт Авазбеков бүгүнкү өткөрүлүп жаткан семинардын максаты жана коомдук алдын алуу борборлору менен жүргүзүлүп жаткан доолбор боюнча катышуучуларга маалымат берип тааныштырып өттү.

Андан соң КРнын Дин иштери мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын өкүлдөрү "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты" деген темада баяндамаларын жасап, Кыргызстанда мамлекеттин диний саясаты жөнүндө кеңири маалымат берип, берилген суроолорго жооптор берилди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын кызматкери М.Аманбаев тарабынан “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Азыркы учурда коомдого диний радикалдуу көз караштарга карта агартуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ролу”, "Интернет жана социалдык тармактарда таратылып жаткан ар түрдүү чагымчыл, элди бөлүп жарууга багыталган диндер аралык, улут аралык касташууларды жайылтып жаткан чакырыктардын алдын алууда коомдук алдын алуу боборлорунун коомчулук менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү" аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан семинарда каралып жаткан темалар өтө актуалдуу темалар экендигине басым жасап, өтө зарыл болгон маалыматтарды алгандыктарын билдирүү менен өздөрүнүн суроолорун берүү аркылуу маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдогу диний радикалдашуу, экстремизм жана терроризм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан катышуучулар канааттандыраарлык жоопторду ала алышты.

Жалпысынан бул иш-чараларга 140 ашык катышуучу катышып, аягында КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан электрондук форматта даярдалган, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепче жана материалдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий