• 88.68
  • 95
  • 0.95

Илимий изилдөө усулдары боюнча колдонмо жарыкка чыкты

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Онлайн университети 5-ноябрь саат 19:00дө "Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо" аттуу алгачкы кыргыз тилинде жарык көргөн эмгегинин бет ачарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Колдонмо коомдук жана гуманитардык илимдер багытында илимий иштерди жүргүзүү жана жазуу боюнча жаш илимпоздордун усулдук даярдыгын жогорулатуу үчүн даярдалган.

"Акыркы жылдарда Билим берүү жана илим министрлиги менен Жогорку аттестациялык комиссиясы илимий иштердин сапатын көтөрүү максатында изилдөө иштеринин аткарылышы боюнча бир нече жаңы талаптарды киргизген. Ага ылайык, илимпоздор илимий даража жана илимий наам алуу үчүн илимий макалаларын эл аралык журналдарга жарыялоосу керек. Бирок эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берилбей келет. Биз биринчиден, кыргыз изилдөөчүлөрүнө жардамы болсун, экинчиден, Кыргызстанда илимий иш жүргүзүү деңгээлине салым кошсун деген ниетте ушул колдонмону чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте жазып чыктык", - деди Турдубаева.

Колдонмо Кыргызстандагы жана Германияда ЖОЖдордо эмгектенип жаткан кыргыз окумуштуулары тарабынан жазылган: Кыргызстандан Элира Турдубаева, Мукарам Токтогулова, Бакытбек Исаков, Гулзада Станалиева, ал эми Германиядан Бактыгүл Түлебаева, Аксана Исмаилбекова, Махабат Садырбек жана Гулзат Баялиева жазышкан.

Аталган эмгек Онлайн университетинин пандемия учурунда акысыз өткөргөн илимий изилдөө усулдары боюнча вебинарларынын негизинде түзүлгөн.

Колдонмо дипломдук иш жазып жаткан студенттерге жана магистрдик, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жазып жаткан илимпоздорго арналат.

Эске салсак, Онлайн университети ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине илим жана билим берүүдөгү актуалдуу темаларда вебинарлар сериясын уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий