• 88.68
  • 95
  • 0.95

Интернет-дүкөндөрдүн сайттарындагы алдамчылыктан кантип сактануу керек?

Коом 0

Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. Ички иштер министрлиги интернет-дүкөндөрдүн сайттарындагы алдамчылыктан кантип сактануу керектиги боюняа кеңеш берди.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, интернет-дүкөндөрдөн сатып алууда алгач анын кадыр-баркына жана рейтингине көңүл буруу керек.

"Эгерде сиз сын-пикирлерди таба албасаңыз жана ал дүкөн товарды алдын ала төлөп берүүнү суранса, анда сатып алуудан баш тартып, жакшы жана жаман жактарын таразалап көрүңүз. Сатуучу сизден алдын ала төлөм алгандан кийин, чалууларыңызга жана электрондук почталарыңызга жооп берүүнү токтотуп, жашынып калат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле интернет-дүкөндөрдөн сатып алуунун дагы бир кемчилиги жеткирилген буюм ар кандай себептерден улам сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн:

- сайтта көрсөтүлгөндөрдөн сапаты, сырткы көрүнүшү жана башкалар боюнча айырмаланышы мүмкүн;

- өлчөмү, түсү, стили жана башка ылайыктуу эмес;

- бузулган же таңгактан ачылган.

Ички иштер министрлиги интернет-дүкөндөрдөн сатып алууда алдамчылыктардан кантип сактануунүн төмөнкү эрежелерин сактоону эскертет:

1. Досторуңуздун жана тааныштарыңыздын сунуштарын колдонуп, ишенимдүү сайттардан сатып алыңыз же белгилүү ири онлайн дүкөндөргө кайрылыңыз;

2. Интернет-дүкөндүн товарды кайтарып берүү же алмашуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруңуз;

3. Интернет-дүкөндүн ишенимдүүлүгүнө толук ишенгенде гана алдын ала сатып алууларды жүргүзүңүз.

Пикир

Оставить комментарий