• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 4 миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт

Коом 0

Бишкек, 01.08.22 /Кабар/. Бишкекте 4 миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасына ылайык, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 1-августтан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнө баштады.

Жалпысынан 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4 миң 164 аз камсыз болгон үй-бүлөгө компенсация төлөнөт.

Бул жардам шаарда туруктуу каттоодо турган жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешеси жакырчылыктын ашкере чегинен (1647 сом) ашпоого тийиш.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 30-июнуна чейин талаптарды тастыктаган документтердин толук пакети менен кайрылган жарандар компенсация алышат.

Пикир

Оставить комментарий