• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаева БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Каха Имнадзе менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзе менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбор менен Кыргыз Республикасынын 2024-жылы Борбор Азиядагы аял лидерлердин диалогуна төрагалык кылуусунун алкагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жамиля Исаева Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогу Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын укуктарын илгерилетүү, аларды саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык иштерге көбүрөк тартуу ишинде тажрыйба жана пикир алмашуу үчүн натыйжалуу платформа болуп калганын белгиледи.

«Диалогдук жыйындардын алкагындагы иш-чаралар региондогу жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү аялдарды алардын ишкердигине, аялдар уюмдарынын ишине, контртеррористтик иште жана радикалдашуу менен күрөшүүдө аялдардын ролуна байланышкан маселелерди чечүүнүн биргелешкен жолдорун талкуулоо жана издөө үчүн бириктирүүгө мүмкүндүк берди»,- деп белгиледи ал.

БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун жетекчиси Каха Имнадзе Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты чыңдоого жана диалогду илгерилетүүгө кошкон салымын белгилеп, мындан ары ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий