• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун тексти:

"Урматтуу жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктайм.

Жерге жайгаштыруу кесиби элдин баа жеткис байлыгы – жер менен байланыштуу болгондуктан ар дайым баркталып келген.

Жер ресурстарын башкаруу, жер-укуктук мамилелер, жер участоктору жөнүндө мейкиндик маалыматтар, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, административдик-аймактык чек араларды белгилөө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ар дайым мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп келген жана болуп кала берет, ал өзүнө коомдун социалдык, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын топтойт.

Азыркы учурда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик социалдык-экономикалык реформаларды жигердүү ишке ашырып жатат, алардын ичинде маалыматтык жана геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүү маанилүү болуп эсептелет. Учурда көптөгөн министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүчү “Автоматташтырылган каттоо системасы”, “Бирдиктүү маалымат системасы”, “Дарек реестри”, “Даректик реестрдин географиялык маалымат системасы” сыяктуу маалыматтык системалар ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат берүү боюнча кызматтар эми толугу менен электрондук форматка өттү.

Жер ресурстары жаатындагы саясаттын стратегиялык артыкчылыктуу багыты Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө кадастрдык баа берүүнүн мамлекеттик системасын түзүү, ошондой эле жарандардын жеке турак жайларын өз алдынча куруу маселелерин жөнгө салуу жана айыл чарба жерлерин тактоо, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишине катышуу болуп саналат.

Өлкөнүн жер ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке чоң жана жооптуу иш жүктөлдү. Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн жана ардагерлеринин кеп-кеңештеринин аркасында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аларга коюлган милдеттерди ар-намыс менен аткарат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайм."

Пикир

Оставить комментарий