• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ишкерлерге пайызсыз жана кайтарымсыз насыя алуунун жолдору тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Ишкерлерге пайызсыз жана кайтарымсыз насыя алуунун жолдору тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева Коомдук тамактануу ишканалары ассоциациясынын өкүлдөрү менен, тактап айтканда "Кыргыз коомдук тамак-ашы" коомдук бирикмесинин башкы директору Анатолий Деревинский менен жолугушту.

Жолугушууда Финансы министрлигинин өкүлдөрү "Микро, кичи жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоорунун алкагында мамлекеттен кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Мусакожоева коомдук тамактануу, соода жана өндүрүш тармагындагы ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолуп, министрлик чакан жана орто бизнести салыктан карызы жок жана 6 айдан кем эмес иштеген ишкерлеге колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан долбоордун алкагында күрөө, каржылоо багыттары жана коммерциялык эмес бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолоруна кеңири жооп беришип, кайтарымсыз каржылык колдоо алуу боюнча кеңештерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий