• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлиги балдарды унаада калтыруу кооптуу экендигин эскертет

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Юстиция министрлиги кыргызстандыктарга балдарды унаада кароосуз калтыргандар үчүн кандай кылмыш жазасы каралганын эскертти.

Чоңдор тарабынан мындайга жол берилген учурда төмөнкү чаралар каралган:

  • 127-беренеси - этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү - 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
  • 144-беренеси - коркунучта калтыруу - 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Балдарды унаада калтырса эмне болушу мүмкүн?

  • бала ысыкка чалдыгып, дененсинин табы көтөрүлүп кетүүсү мүмкүн;
  • аба жетпей тумчугуп калуу же коопсуздук курлары чаташып, муунуп калуу коркунучтары бар;
  • терезе менен мойнун же колун кыпчып алуусу мүмкүн;
  • унааны от алдыруу жана унаанын жүрүп кетүүсу мүмкүн;
  • жүрүп кеткен унаа жол кырсыгына кабылышы мүмкүн;
  • машина уурдалып же эвакуацияланышы мүмкүн;
  • унаа өрттөнүп кетиши мүмкүн.

"Эң жаманы, уктап жаткан балдарды терезелери жабык, кулпуланган унаада калтыруу. Күн кабинаны жылытып, температура көтөрүлүп, кычкылтектин көлөмү кескин төмөндөйт. Жыйынтыгында бала тумчугуп калат", - деп белгилешти ведомстводон.

Балдарга коркунуч туудурбоо үчүн, аларды унаада жалгыз ойноого жол бербегениңиз жакшы, айрыкча от алып турган жана радионун/музыканын үнү катуу чыгып турган унаада. Бул учурда, унаанын бардык опциялары иштеп, баскычтары басылат. Катуу музыка кырсыкты билдирген баланын үнүн, ыйын жана кыйкырыктарын басат.

Эгерде чоочун унаадан чоңдор жок баланы байкасаңыздар, 112 номерине чалыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий