• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күч биримдикте! Кыргызстандыктарды үстөк пайызсыз насыя берген фондду колдоого чакырышты

Коом 0

Бишкек, 11.04.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандыктарды аз камсыздалган, жакыр үй-бүлөлөргө үстөк пайызсыз насыя берген фондду колдоого чакырышты. Бул тууралуу “Жакшыхан” коомдук фондунун негиздөөчүсү Жакшыбек Турсуналиев “Кабар” агенттигине берген маалымат жыйынында билдирди.

“Шарият боюнча колунда бар адамдар дайыма муктаж адамдарга жардам бериши керек. Биздин фонд аз камсыздалган, оор турмушка кабылган, ооруп жаткан же кырсык болгон үй-бүлөлөргө колдон келишинче жардам берип келет. Бирок бир нече адамдын колунан көп нерсе келбейт. Ошондуктан биз мекендештерди жакшылык жасоого, жардам берүүгө чакырабыз. Биздин фонд үстөксүз насыя берүү боюнча системасын киргизүү боюнча иш баштап, ошол фондго колдоо көрсөтүүгө чакырабыз. Мисалы, ар бир адам кайрымдуулук үчүн күнүнө бир сомдон салса, чоң каражат чогулуп, колунда жок, кыйналган туугандарга жардам бере алмакбыз. Бул каражаттарды пайызсыз же кээ бир жакыр адамдарга кайтарымсыз насыя катары берет элек”, - дейт ал.

Анын айтуусу боюнча, бул фондго түшкөн каражаттардын баары улуту жана динине карабастан жардам катары берилмек.

“Жардамды башка бирөөдөн күтпөй, өзүбүздөн баштоого чакырам. Башка бирөөгө жардам берип, биз өзүбүз жакшы жакка өзгөрөбүз. Өзүбүз ички дүйнөбүздү, мамилебизди, мүнөзүбүздү өзгөртпөсөк, бизде эч кандай жакшы нерсе болбойт. Биринчи кезекте биз өзүбүз жардам берип башташыбыз керек”, - деди ал.

Анын айтуусу боюнча, эртең Талас шаарында аталган фонддун кеңсесинин расмий ашылышы өтөт. “Учурда биздин фонддо аз эле адам иштейт. Мен фонддун негиздөөчүсү болгондуктан бизге башкы директор жана бухгалтер керек. Фонд ачык иштеп, баардык керектүү отчетторду берип турат”, - деди ал.

Турсуналиев баса белгилегендей, "Жакшыхан” фонду юридикалык жактан толугу менен мыйзамдаштырылган. Ал фонд юстиция министрлигинде катталып, баардык тиешелүү документтери бар.

Пикир

Оставить комментарий