• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк-Жар конушунда ҮДБнын кошумча имаратынын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кошумча имаратынын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө имараттын жер төлөсүнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды.

"150 кишини кабыл алууга ылайыкталган бейтапканада 5 авто унаага тез жардам станциясы каралган. Анын жалпы аянты 2607,9 чарчы метрди түзөт.

Имаратта ЭКГ, УДИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизациялоо бөлмөлөрү, жуунучу жайлар каралган

Жер төлөгө тез жардам станциясы, ошондой эле унаа токтотуучу жана унаа жуучу жайды кошо куруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта..

Мындан тышкары, долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий