• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күндөн коргоочу кремди кантип туура тандоо керек?

Дүр дүйнө 0

Айымдар өздөрүнө кам көрүп, беттерине ар кандай азыктандыруучу крем жана маскаларды коюп, жыл бою чырайлуу болуп жүрүүгө аракет кылышат эмеспи. Айрыкча жаз-жай мезгилдеринде беттин териси кургап, көбүрөөк кам көрүүнү талап кылат. Анткени күндүн табы катуу тийген кезде тез эле күнгө күйүп кетүү коркунучу жогору. Мындай учурда дээрлик бардык айымдар күндөн коргоочу кремди колдонушат.

Эмне үчүн күндөн коргоочу кремди колдонуу керек?

Бул косметикалык каражат сизди эки терс таасирдүү күн нурунан сактайт: UVB жана UVA. Бул экөө тең картаюу процессин тездетип, тери рагынын пайда болушун шарттайт.

Бардык кремдер бирдей коргойбу?

Жок, коргоо деңгээли SPF факторунан көз каранды, 2ден 50гө чейин. SPF канчалык жогору болсо, ошончолук күн нурун фильтрлейт. Мындай учурда сиз эч коркпостон күндө көп убакыт жүрө аласыз. Мисалга, SPF 20 дээрлик 50% ультрафиолет нурларын фильтрлейт, ал эми SPF 50 – 98%га чейин.

Кремди кантип тандоо керек?

Эгерде сиз күндө көп жүрбөй турган болсоңуз, анда дерматологдор кремди SPF 15 сатып алууну сунуштайт. Ал эми күндө көп убакыт жүрүүгө туура келсе, анда SPF 30 же андан жогорку кремдерди алыңыз.

Бардык типтеги терилер үчүн SPF 50 сатып алса болобу?

Жок, болбойт. Анткени күндөн коргонуучу кремдердин бардыгын 100% коопсуз деп эсептөөгө болбойт. Кремдин курамына кирген айрым кошулмалар терини дүүлүктүрүп, кычыштырып, ар кандай тактарды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан өзүңүздүн бетиңизге карап крем тандаңыз же болбосо атайын адистерге кайрылып, кошумча кеңеш алсаңыз да болот.

Кремдин курамында SPF көрсөткүчү жана зыяндуу заттар канчалык аз болсо ошончолук жакшы.

Баса, кремди бетиңизге ашыкча көп колдонуудан абайлаңыз. Анткени кесепети жаман болуп, бетиңиздин териси дүүлүгүп, кызарып ар кандай кызыл тактарды чыгарышы мүмкүн.

Эгерде сиз көлгө барып эс алууну пландап жаткан болсоңуз, анда сууга туруктуу крем сатып алганыңыз оң. Ошондуктан крем сатып алардан мурда “сууга туруктуу” же болбосо “water resistant” деген жазууну издеңиз.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий