• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан элчиси жана Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев жана Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Казимов конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуунун бир катар негизги аспектилерин талкуулашты.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап алдыңкы тажрыйбаларды жана технологиялык чечимдерди киргизүү максатында, ошондой эле туруктуу банктык экосистеманы түзүү үчүн санариптештирүү жаатында эки өлкөнүн башкы банктарынын ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Муну менен катар Азербайжандын Борбордук банкы тарабынан колдоого алынган ийгиликтүү инфраструктуралык долбоорлор жана алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды. Тараптар банк системаларын биргелешип өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашуунун жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар банк тармагынын ар түрдүү аспектилери боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий