• 88.68
  • 95
  • 0.95

Европа реконструкциялоо банкы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17,8 млн евро бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 16-февралдагы жыйында Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван-Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Тагыраагы, мерчемделген планды ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн 870 миң евро бөлүнүп берилет. Анын ичинен насыя – 14 млн 130 миң евро, грант түрүндө – 3 млн 740 миң евро каралган.

Кошумчалай кетсек, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Пикир

Оставить комментарий