• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын конуштарында 140, 180 жана 280 орундуу үч бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда 140, Көк-Жар конушунда 180 жана Дордой конушунда 280 орундуу үч бала бакча курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калыс-Ордодогу бала бакча 7 тайпага ылайыкташкан жана жалпы аянты 0,68 гектарды түзөт.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана, жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган.

Бала бакчаны шаардык бюджеттин эсебинен подрядчы "Арай" ЖЧКсы куруп жатат.

Ал эми "Дордой" конушундагы бала бакча 180 орунга эсептелген жана эки блоктон турат. Учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер участогунун аянты 0,57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр.

Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык бөлмөлөр каралган. Подрядчы — "Монолит Строй" ЖЧКсы.

Ошондой эле Көк-Жар конушунда дагы 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты 0,8 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Пикир

Оставить комментарий