• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматына барды

Коом 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын "Альфа" атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Сапарынын жүрүшүндө Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди.

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы өлкөнүн жана ведомство жетекчилиги тарабынан бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын акырында УКМКнын төрагасы дагы бир жолу "Альфа" атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий