• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мекенди коргоочулар күнүнө арналган “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы, КР күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий